УКМК: Бардык мамлекеттик кызматкерлердин диплому жана жарандыгы текшерилет

Бардык мамлекеттик кызматкерлердин диплому жана жарандыгы текшерилет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу дипломдору жасалма жана чет мамлекеттердин жарандыгы эмес экендиги текшерилет. Буга соңку жылдары мамлекеттик кызматка жасалма дипломдор менен келген адамдардын көбөйгөнү себеп болгон.

Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштери 24-январда башталып 3 айга созулат.

Буга байланыштуу УКМК жасалма диплом колдонгон же башка өлкөнүн жарандыгы бар мамлекеттик кызматкерлерди өздөрү билип кызматтарын тапшырууга чакырат. Ошондой эле жогорудагы фактылар текшерүүнүн натыйжасында аныкталса кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу караларын эскертет.

Пландалып жаткан текшерүү район облус, айыл аймактардын башчыларын, министрликтердин, түзүмдөрдүн жана аймактык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин аппаратынын кызматкерлерин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.