Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, мунай заттын баасы 2020-жылдын аягынан бери өсүүдө.

«ОПЕК+ уюмуна мунай затты көп көлөмдө өндүргөн 21 мамлекет кирет. Бул уюм ушул жылдын июнь айына чейин өндүрүлүп жаткан мунай заттын көлөмүн көбөйтпөш керек деген чечим чыгарган. Ошондуктан мунай заттын таңкыстыгы жаралып, баасы өсүүдө.

Бизге күйүүчү майдын 95 пайызы Россиядан ташылып келет. Россияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү. Ошондуктан Кыргызстанда бензиндин баасы 4 сомго, дизелдин баасы 6 сомго чейин кымбаттайт.

Бизде АИ-92 58,3 сомго сатылып жатса, Россияда анын баасы 57 тыйынга чейин кымбат болууда. Тажикстанда күйүүчү май Кыргызстанга салыштырмалуу 20 сомго кымбат. Казакстанда абал башка. Ал жакта мунай затты өздөрү өндүрүшөт, өздөрү иштетишет.

Күйүүчү майдын баасын арзандатуу үчүн өзүбүздүн заводдорду өркүндөтүш керек. Учурда компанияларда күйүчүү майдын 20 күнгө жетип-жетпеген кору бар. Бааны кармап туруу кыйын болууда.

Күйүүчү май Орто Азияга жетпей жатат. Себеби Европа өлкөлөрү Россиядан күйүүчү майды 100 долларга кымбат сатып алууга даяр.

Учурда Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май ташып келүүдө, бирок аз көлөмдө», — деди Эшатов.

Ошондой эле ал Министрлер кабинетине күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларды салыктан бошотууну сунушташканын, бирок маселе чечилбей жатканын айтты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.