Кара-Сууда өспүрүм бала атасынын тапанчасы менен өзүн атып алды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн биринде милиция кызматкеринин өспүрүм курактагы уулу өзүн-өзү тапанча менен атып алды. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып жазды. 

Басылманын берген алдын ала маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 20-январда эртең менен болгон. Өспүрүм 2009-жылы туулган. Учурда баланын абалы тууралуу маалымат жок.

Бул маалыматты Папан айыл өкмөтүнөн тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя аталган айыл өкмөткө караштуу Дыйкан-Кыштак айылында болгон.

«Атасы тапанчасын таштап коюп, намаз окуганы кирип кеткенде баласы тапанча менен ойноп отуруп, өзүн атып алыптыр. Атасы милиция кызматкери окшойт. Азыркы учурда баланын абалы кандай экендиги жөнүндө маалымат жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.