Исмат Бегжанов: «Мыйзам чегинде жоопко тартыласыз Адахан Кимсанбаевич»!

«Мыйзам чегинде жоопко тартыласыз Адахан Кимсанбаевич»! Мындай пикирин Исмат Бегжанов фейсбук баракчасына жазды:

«Адахан Мадумаров айтып жатат: “Мен тажиктерге берген жер боюнча 13 жыл болду. Буга чейин бир дагы бийлик бул маселени көтөргөн эмес. Эки дос келип алып көтөрүп жатат”, — деп. Адахан Кимсанбаевич, эки дос көтөргөн жок. Азыр заман башка. Жаңы баш мыйзам, жаңы башкаруу системасы, жаңы мыйзамдар ушундай талап коюп жатат. Мурда болсо сизге окшоп ким ачуу кыйкырык кылып чыкса эле “иий кокуй, тийбейли, тарапташтары көтөрүлүп чыкпасын” деп коркушчу. Азыр кимди коркутасыңар? Мыйзамдардыбы? Мыйзамдар коркпойт силерден. Бийликтегилер деле коркпойт. Мыйзам иштеп жатат. Мыйзам чегинде жоопко тартыласыз Адахан Кимсанбаевич. Тарапташтарыңызга айтарым, кысчу жериңерди кысып тынч олтургула. Мамлекетке чыккынчылык кылган айбанды колдоп чыксаңар силер да чыккынчысыңар. Ар бириңерди жоопко тартыш керек»,-деп жазган ал. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.