Бешөө премиум-класстагы унаалар. Интерпол издеп жаткан 18 унаа Бишкектен табылды

ИИМдин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаалар Евробиримдигине кирген (ЕБ) өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдирдендей, 2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.
Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.