Ысык-Көлдөгү суу кескин төмөндөп кеткени байкалууда

Чолпон-Ата шаарынын 70 жаштагы тургуну Татьяна Самсонова быйыл Ысык-Көлдүн суусу башка жылдарга салыштырмалуу бир топ тартылганын билдирди.

«Бир жылы тартылып, кайра толуп турган Ысык-Көл быйыл абдан көп аралыкка тартылып кеткенин байкадым. Бул суунун аздыгынан улам деп ойлойм», — деди ал.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Мирлан Осмоналиевдин айтымында, ал  дайыма көл жээктеп басат. Акыркы күндөрү көлдүн жээги абдан эле алыстап кеткенин байкаган. Ал былтыр жай мезгилинде бул жерге келгенде, көл толуп турган. Болжол менен көл 15 метрге жакын тартылып, жээкте көлчүктөр пайда болгон.

Шаар тургундары Ысык-Көлдүн тартылышы кургакчылык жана суунун аздыгы менен байланыштуу экенин айтышууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.