Таластагы жер талашы: Жабырлануучу Президенттен жардам сурайт

Талас районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну Мырзалиева Чынар Президент Садыр Жапаровго чындык издеп кайрылды.

— Биздин участогубузду мыйзамсыз тартып алайын деп жатышат… Соттордун баардыгын колго алган, баардык структураларда тааныштары бар. Өзү болсо жогорку бийликте иштеген адам. Коңшубуздун участогун уже тартып алды. Бул адамдын аты Ташматов Улан көп жыл Талас обл.админ. бөлүм башчысы, иниси Ташматов Узак, Таласта сот, кудасы Есенкулов Бакыт Таласта прокурор болуп иштешет. Бизди болсо ар бир ай сайын сабап, уруп, тилдеп кетишет. МВДга кайрылсак эч кандай жыйынтык жок, анткени ал жакты дагы колго алган. Сот учурунда болсо, бизди соттор сүйлөтпөй коюшат… Участогубуздун жана үйүбүздүн баардык документтери бар.

Прокуратурага, МВДга, губернаторго кайрылдык, эч кандай жыйынтык жок. Адвокатыбыз деле бар, эмне кылаарын билбей калдык..

0778121844,0708121844 Чынара

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.