Салмагы 3,5 кг. Чүйдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген Улан менен Бурулсун кыздуу болушту

Чүй облусунун Москва районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 29 жаштагы Улан менен 28 жаштагы Бурулсун Айлин аттуу кыздуу болушту. Бала күткөн жаш жубайлардын жашоосу менен  Турмуш басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Мен жашоодо кайра жаралдым. Майып арабада жанчылган жан дүйнөм бала үнүнө бөлөнүп, чексиз кубанычым ааламга да сыйбай турат. «Сүйүнчү, сүйүнчү!» деп, айылдан ааламга карай чуркагым келет. Бирок, «Кайдан?!». Оюм сызып, сөзүм учкан менен эки бутум алсыз да. Моторлуу майып арабамда эшик алдын чарк айланганым менен канаты жок куштай элемин. Баса, моторлуу майып араба демекчи, өткөн жылы үй-бүлөм, досторумдун каржылоосунда 500 долларга кадимки эле майып арабага мотор орнотуп беришкен. Ушуга да шүгүр. Эгер кимдир бирөөлөр же мамлекет тарабынан интернет булактарында сүрөтү менен жарнамаланып жаткандай моторлуу майып араба алып беришсе, кандай гана соопчулук иш болот эле. Эми баарына тообо дейинчи. Ден соолугум, тамакка болгон табитим жакшы. Жашым да 30га карай кадамдап бара жатат.

Келинчегим Бурулсун экөөбүз өткөн 2020-жылдын октябрь айында баш кошконбуз. Ата-энем, бир туугандарым элден кем кылбай, Беловодск айылындагы тойканалардын биринде чоң той өткөрүп беришти. Алла ыраазы болсун. Жакында 27-декабрда кыздуу болдук. Балабыздын ден соолугу жакшы. Ал республикалык төрөт үйлөрдүн биринде салмагы 3,5 кг болуп жарык дүйнөгө келди. Атын атам Айлин деп койду», — деди, майып арабадагы Улан Асанов.

Ал андан ары айрым бир көйгөйлөрүн ортого салып: «Баары Кудайдын буйругу менен Жараткандын колунда тура. Үйдө тамак ичип эле жата бермек белем. Алла таала кандай жаратса, жашоосуна мерчемдеп жөндөм-шык да тартуулап коёт шекилдүү. Дегеним, үй ичинде кийүүчү бут кийим тигем. Убагында кардарларым көп эле. Эми солгундай түштү. Ойлоп жатам. Такси унааларды тейлөөчү (оператор) болуп иштесемби? Үй-бүлө күттүм. Балалуу болдум. Мүмкүнчүлүгүмө жараша өз оокатымды өткөрөйүн да.

Биз 7 бир тууганбыз. Ата-энем мени эле кечке асырай бербей, башка туугандарыма да жол бошотоюн. Бирок, кимге кайрыларымды билбейм. Президенткеби, өкмөткөбү же жергиликтүү бийликкеби? Мен да жыл өткөн сайын картаям. Кийин ким карайт? Айтор, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатынан үйүм болсо, көптөн күткөн тилегим ишке ашат эле. Анда жылуу, ысык, муздак суусу жана башка шарттары даяр дегендей», — деди ал.

Жаш жубайлар райондун борборуна чектеш жайгашкан Биринчи май айыл аймагына караштуу Ак-Суу айылында жашашат.

«Жолдошум Улан экөөбүз тээ балалык мезгилден бери таанышпыз. Бир кездерде бизге окшошкон балдар тарбиялануучу мекемелерде бирге өстүк. Анан бой жеткенде анын атасы Жалил менен апасы Айгүл мени да багып алышкан. Эсимде, балалык күндөн бери эле Улан: «Келечекте сага үйлөнөм. Балалуу болобуз» деп айта берчү. Көрсө, мени сүйүп калган экен. Мен да каршы болчу эмесмин. Чындыгында, ал өтө жакшы. Чындыкты бетке айткан чечкиндүү жигит. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, өз алдынча басып жүрө албаганы менен жан дүйнөсү таптаза. Мен Теңир-Тоонун кызы болом. Кичинемден ата-энем таштап кеткен. Бирде Сокулуктагы, бирде Беловодсктагы туугандардын үйүндө күн көрүп жүрүп, алар майып балдар жайына жеткиришкен. Кудайдын буйругу тура. Ал жерден Уланым менен таанышып, ушинтип өмүр, жашоо кемесинде балалуу болуп отурабыз», — деди ал.

Бурулсун шал оорусу менен жабыркайт.

Ак-Суу айылынын четинде жайгашкан Жалил Асановдун үй-бүлөсүн баары таанышат, урматташат. Анткени, аялы Айгүл экөө көп жылдан бери өз үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 6 баланы тарбиялап, мээримин төгүп келишет. Алардын бири — 30 жаштагы Денис Седых: «Бизди «өзгөчө үй-бүлө» деп коюшат. Алтообуз тең ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарбыз. Мен 30, Улан 29, Фатима 29, Бурулсун 28, Рахат 24, Акбар 23 жашта. Арабыздан Улан менен Бурулсун баш кошуп, балалуу да болууга жетишти. Биз да үйлөнүп, кыздарыбыз турмушка чыгып дегендей… Бирок, кайда жашайбыз? Жалил атабыз менен Айгүл апабыздын үйүнө батпайбыз го. Эгер бизге жетекчилер тарабынан терең көңүл бурулуп, жер тилкеси берилсе, турак үй салып, түтүн булатат элек.

Атабыз Жалил фермер. Андан эт, сүт багытындагы малдарды багууну, жашоонун сырларын үйрөндүк. Азырынча, кыздар менен сүйлөшө элекмин. Өз теңим туш келсе үйлөнөм. Ылай кыш менен болсо да чакан жер там куруп алууга күчүм жетет», — деди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Улан Жалил Асановдун өз уулу. Ал эми калган балдарды балдар үйүнөн багып алышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.