Кыргызстанда 26 мектеп онлайн окууга өттү

18-январга карата Кыргызстан боюнча 2334 мектептин ичинен 26 мектеп эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн-окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мааылматка ылайык, 26 мектептин ичинен 16 мектеп Бишкек шаарында, 10 мектеп Чүй облусунда.
Андан тышкары, онлайн-режимге өлкө боюнча 76 класс өткөрүлдү:
— Чүй облусунда — 55 класс;
— Бишкек шаарында — 9 класс;
-Нарын облусунда — 3 класс;
— Ош облусунда — 2 класс;
— Ысык-Көл облусунда — 1 класс.
Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусунда 6 класс онлайн-режимге өткөрүлдү.