Гүлзат Мамытбек кайрадан ачкачылык жарыялады

Абактагы Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) жана анын жанындагы 6 аял киши ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору билдирди.

Алар №21 жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери аёосуз мамиле жасап жатышканына жана абактагы шарттарга нааразы экенин билдиришкен.

Гүлзат Мамытбек Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна арыз менен кайрылган. Арыз прокуратурага жөнөтүлдү.

Эске салсак, Гүлзат Мамытбек өткөн жылы 25-октябрда кармалган. Ал алдамчылыкка шектелүүдө.

Гүлзат Мамытбек 14-ноябрда да ачкачылык жарыялап, 23-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.