Депутат: «Баткендин кээ бир айылдарында жаш балдар Мирзиёев президент дешет»

Бүгүн, 19-январда Жогрку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова айрым айылдарда интернет жок экендигин айтты.

«Быйыл шайлоонун үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн учурда көп айылдарды кыдырдык. Кээ бир айылдарга интернет эмес, санарип дагы бара элек. Алар кыргыз тилиндеги берүүлөрдү көрө алышпайт. Өзбек, тажик тилиндеги берүүлөрдү көрүшөт. Жаш балдардан президент ким деп сурасаң, Өзбекстандын президентинин (ред.: Шавкат Мирзиёев) атын айтышат. Ушундай чоң көйгөй бар.

Кадамжай районундагы Кан айылында, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө интернет жок. Ушул маселелерди карап көрсөңүз.

Мындан тышкары айылдарда компьютерди билген адамдар жокко эссе. Бул маселени кантип чечесиз?», — деп суроо берди Имановго.

Депутаттын суроосуна Талантбек Иманов жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү максатында атайын программа бар экенин билдирди.

«Аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрликтин атайын программасы бар. Ал донорлор менен бирге айылдардагы жергиликтүү кадрларды окутуудан өткөрүү», — деп билдирди Иманов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.