Жеке ишкер Бекназар Асанов «SOS» кайрымдуулук фондун колдоого алды

Жеке ишкер Бекназар Асанов «SOS» кайрымдуулук фондун колдоого алды. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жазды:

«Жолугушуунун жүрүшүндө аталган фонд тарабынан демилгеленген «Ashar live» долбоору туурасында кеп болду. Долбоор социалдык жактан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн жумушсуздук маселелелерин кандайдыр бир деңгээлде чечүү идеясы экендигин угуп, жаш команданы дароо колдоого алдым.

«Ashar live» долбоорунун биринчи баскычы шаарыбыздын ичинде кийим тигүүчү цех ачып калктын аярлуу катмарын иш менен камсыз кылуу максат болгондуктан, өзүмдүн атымдан тигүү жабдыктарынын бир бөлүгүн сатып берүүгө белсендим.

Даяр балыкты эмес, кайырмакты карматалы деген иним Азатка жана анын командасына өзгөчө ыраазычылык билдирем»,-деди ал. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.