Президент Садыр Жапаровго чемпиондук кур ыйгарышты

Бишкекте ММА боюнча WEF GLOBAL&PFC (PATRIOT FIGHTING CHAMPIONSHIP) биргелешкен турнири өтүп, анда Борбор Азиянын эң күчтүү мушкерлери күч сынашкан.

Кеченин негизги окуяларынын бири кыргызстандык мушкер Нурлан Токтобакиев менен Өзбекстандын атактуу мушкер Мамотжонов Камолдиндин беттеши болуп, анда кыргызстандык мушкер (нокаут менен) ишенимдүү жеңишке жеткен.

Нурлан Токтобакиев таймаштан кийин аны бул таймашка колдогондордун баарына ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго урматын көрсөтүп, жеңиштик курун белек катары ыйгарган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.