Иши жакпай калган. Орусияда унаа оңдогон кыргызга жергиликтүү тургун ок чыгарган

Орусияда унаа оңдогон кыргыз жаранына жергиликтүү тургун ок чыгарды. Бул тууралуу fontanka.ru басылмасы жазды. 

Маалыматка ылайык, окуя Санкт-Петербург шарынын Купчино районунда 16-январга караган түнү таңга маал болгон. Анда унаасын оңдогон Кыргыз жаранынын иши жакпаган жергиликтүү тургун түндөп келип, эшикке алып чыгып, тапанча менен ок чыгарган.

Чекесинин оң тарабына ок тийген Кыргыз жараны ооруканага түшкөн.

Ал эми ок чыгарган жергиликтүү тургун кармалып, ага “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.