Быйыл «Кумтөрдөн» канча тонна алтын казылаары айтылды

Быйыл Кумтөр кенинен 17 тоннадан ашуун алтын казуу пландалууда, 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага көп болот. Бул тууралуу «Кумтөр голд компани» ишканасынын сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдиргенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Бөлтүрүк бүгүн өкмөткө отчет берип, быйылкыга карата пландары менен дагы бөлүшкөн. Анын айтымында, жакынкы келечекте туруктуу өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат. Анда жогорку сорбациялык активдүүлүктөгү рудаларды кайра иштетүү технологиясын жакшыртуу, алтын ылгоонун көлөмүн көбөйтүү, кенди жер алды менен казуу жана уулуу калдык сактоочу жайды көмүү иштерин баштоо каралган.
«Сырткы башкарууга өтүп жаткандагы бир топ кыйынчылыктарга жана Centerra Gold Inc. компаниясынын бут тосууларына карабай «Кумтөр голд компанинин» эмгек жамааты коюлган тапшырмаларды аткара алды. Кумтөр кени үзгүлтүксүз штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар менен милдеттүү төлөмдөр өз убагында толук курамда төлөнүүдө«, — деди Бөлтүрүк.
Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кумтөрдүн 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө оң баасын беришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.