Бишкекте 11 жаштагы окуучуну айдоочу сүзүп, чөнтөгүнө 200 сом салып качып кеткен

Бишкекте Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы мектеп окуучусун белгисиз айдоочу сүзүп, андан ары из жашырган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-январда саат 19:30 чамасында болгон.

Күмүш түстөгү «Тойота Марк 2» унаасынын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп кеткенден кийин, баланы унаасына отургузуп, үйүнө чейин жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып туруп, изин жашырып кеткен.

«Азыркы учурда айдоочу изделип жатат. Кызматкерлер түнү менен бардык камералады карап чыгышты. Ал эми окуучу учурда балдар ооруканасында дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.