ВИДЕО-Ошто бала-бакчадан өрт чыкты

Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 08:45те 2 бөлүм ыкчам түрдө тартылган. Өрт саат 09:00дө чектөөгө алынып, саат 09:28де толук өчүрүлдү.
Өрт кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.