Мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирген жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери аныкталды

Мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирген жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери аныкталды

Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясынын №30 жол тейлөө мекемесинин учурдагы жетекчисинин аталган ишкананын мурдагы жетекчилигине карата жазган арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлгн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, жогоруда белгиленген мекеменин мурдагы жетекчилиги тарабынан 2020-жыл ичинде мамлекетке жалпысынан 3 932 769 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, жолду тейлөө максатында тендер аркылуу сатылып алынган 114 тонна битум, 150 даана жол белгилери жана башка баалуу материалдар иш жүзүндө жок болуп чыккан.
Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.