ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтомунун негизинде, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалдарда кызмат өтөй турган Ички иштер министрлигинин “Шумкар” Атайын багыттагы полку түзүлгөн.
Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети: кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо, массалык тартипсиздиктерге бѳгѳт коюу өӊдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн.
Майрамдык иш-чара эгемендүү кыргыз элине ак ниет кызмат кылууда, өз өмүрлөрүн аябай кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюп, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы, милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев, Ички аскерлеринин Колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Д.Алыбаев жана полктун ардагерлери катышты.
Салтанаттуу иш-чарага келген коноктор сөз сүйлөшүп, өздүк курамды салтанаттуу күнү менен кызуу куттукташты. Өз сѳзүндѳ ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, полктун кызматкерлерин майрамы менен куттуктап тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду: “Бүгүн Атайын багыттагы полк түзүлгөндүгүнүн 8-жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өзүңүздөр жакшы билгендей полктун өздүк курамы алгач уюшулган күндөн тарта республикабыздын ар кайсыл аймактарында ар кандай кырдаалдарда кызмат ѳтѳп, коомдук коопсуздуктун сакталышын камсыздоодо калк менен жигердүү иш жүргүзүп, өз милдеттерин үзгүлтүксүз аткарып келүүдѳ. Бүгүнкү күндө атайын багыттагы полктун кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ себиби, кызматкерлер өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырып, алдына койгон тапшырманы ар кандай шарттарда жөндөмдүү аткарып, өлкө аймагында өткөрүлүп жаткан машыгууларга катышуу менен чектелбестен чет өлкөлүк кесиптештер менен биргеликте ар тараптуу машыгууларга да жигердүү катышып, эл аралык деӊгээлдеги даярдыктардан өтүү менен өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин арттырып кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында бай тажрыйбага ээ болууда.
Урматтуу атайын багыттагы полкунун кызматкерлери! Сиздер, күн сайын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздаган кызматкерлердин биринчи катарындасыңар. Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу милдети ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан алдыңарга жүктѳлгѳн милдеттерди аткарууда, ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин актайлы. Сиздерди бүгүнкү салтанаттуу майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолукту, бакубат жашоону каалап, кыргыз элибиз үчүн кылган ак кызматыңыздарды ар качан ийгиликтер коштосун!”.
Андан кийин полктун салтанаттуу күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин А.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун 3 айлык алгачкы даярдоо курсун бүтүрүп кеген жаш кызматкерлердин ант берүүсү менен коштолду. Ант бул, сөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. Ант –укук коргоо органдарынын катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы. Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Кызмат өтөөгө келген ар бир кызматкер Мекенинин ар-намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. Жаңы катарга кошулган кызматкерлерди полктун командири милициянын полковниги Аскат Султаналиев куттуктап алдына коюлган милдеттерди так аткарып, берген антына бек туруп, ата-журттун тынчтыгын сактоодо жан дили менен кызмат өтөп, кызматына дагы чоң жетишкендиктерди каалады.
Акырында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин жана атайын багыттагы полкунун командиринин буйруктары окулуп, бир катар кызматкерлер медаль, грамоталар менен сыйланып, жыл жыйынтыгы боюнча мыктылар аныкталып. кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлер да сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чара полктун кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.