Бишкек эркин экономикалык аймагында эки чоң завод ачылат

Бишкек эркин экономикалык аймагында эки ири завод ачылат. Бул тууралу «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек эркин экономикалык аймагындагы иштетилбей турган участокторго жыл ичинде 1 миллион доллардан ашуун инвестиция салып, завод жана фабрикаларды ачкан инвесторлорго ижара акылары төмөндөтүлгөн.

Тактап айтканда объектинин курулушу аяктаганга чейин, 1 жылга бекитилген ижара акысынын 1 пайызын гана төлөө бекитилген. Анын натыйжасында эки ири инвестор тартылып, эки өндүрүштүк ишкана — металлургиялык комбинат жана тери сырьесун жана булгаары буюмдарды кайра иштетүүчү завод курула турган болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.