«Самаков, мектептин ордун өткөрүп бер»! «Биримдик-Кут» жаңы конушунун тургундары митингке чыгышты

Бүгүн 17-январда Бишкекте  өкмөт үйүнүн жанында Аламүдүн районундагы «Биримдик кут» жаңы конушунун бир катар тургундарынын митинги болуп өттү. 

Алар мектеп, бала бакча,  ФАП, мечит курууга бөлүнгөн жерлерди кайтарып берүүнү талап кылышууда.

«Мунун баары болот деген шарт менен бул жерлерди сатып алдык. Бирок убадалар аткарылган жок», — деп нааразы болгон митингчилер.

Алардын айтымында, 2012-жылы бул жерлер трансформацияга берилген. Бирок чогулгандардын айтымында, ушул убакка чейин бир нече гектар жер мурдагы депутат Карганбек Самаковдун балансында болуп, ал мамлекеттин балансына бербей келет.

Митингчилер буга чейин социалдык объектилерди курууга арналган бир нече гектарга жакын жер банкта күрөөгө коюлганын айтышкан.

Митингге президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун акими жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы келишти.

Ыйгарым укуктуу өкүл маселени чечип берем деп убада берип, К.Самаков бул жерлерди берем деген имиш. Бирок жыйынга келгендер президент Садыр Жапаров менен жолуккусу келгенин айтышты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.