Жумгалда жаңы төрөлгөн баланын акыреги сынды. Энеси акушерди күнөөлөөдө

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылындагы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө акушердин айынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын акыреги сынган. Бул тууралуу ымыркайдын атасы Токторбек Бейшенбек уулу Турмуш басылмасына билдирген. 

Анын айтымында, учурда бул иш боюнча райондун прокуратурасына арыз жазылган. 2021-жылдын 23-декабрында Токторбек Бейшенбек уулунун жубайы Кенже Калыбекова толгоосу башталып, төрөт бөлүмүнө келген. Башкы дарыгер Нуржамал Акылбекова кош бойлуу келинди карап, саат 00:00-01:00ге караган убакта төрөй турганын айткан. Эгер унаа болсо же ага чейин толгоо бат-баттан келсе, мен келип төрөтсөм болот деп айтып кеткен. Бирок убакыт-сааты келе электе, нөөмөткө жаңы келген акушер Качкын Бегалиева саат 20:30да кыйнап төрөтүп салган. Натыйжада ымыркайдын акыреги сынып, башында шишик пайда болгон.

«Карындагы баланын салмагы чоң экенин көрүп, кыйнап төрөтүп салышты. Баламдын акыреги сынып, башына шишик пайда болгон. Аны убагында айтышпайт. Балам бир жери ооругансып ыйлап, басылбай жатканынан хирург жана балдар дарыгери көрүп, анан айтышты сынык бар экенин. Ошентип 29-декабрда үйгө чыгарып келдим. Колуктум үйгө чыгып келип, ал да баса албай кыйналып жүрдү. Менимче аябай эле кыйнап салышкан окшойт. Баланын акырегинин сынганын алгач жашырышкан. Тынымсыз ыйлап жатып алган соң хирург Дүйшөн Болотбековго көрсөтсөк, сынык бар экендигин айтып, рентгенге тарттырганда билинди. Баланын салмагы чоң экенин билип, эмнеге кыйнап төрөтүшөт билбейм. Башкы дарыгер көрүп, түнкү саат 00:00дөн өтүп 01:00гө барат дегенди уккан акушер эмнеге эрте төрөткөнгө шашты?

Баланы шаарга ооруканага алып кетейин десем, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүндө ката кетиптир. Жумгал ЖААК бөлүмү тарабынан берилген метрикада балам 2021-жылы төрөлсө, 2011-жылы деп ката жазышып, оңдолбой кармалып жатты. Анын үстүндө 1-10-январга чейин иш күн болбой, баланы шаарга алып бара албай кармалып калдык. Учурда Бишкек шаарындагы ооруканаларга көрсөтүп жүрөбүз. Эгер баламдын ден солугуна залакасы тийип, акушердин күнөөсү болсо мен аларды тынч койбойм», — дейт баланын атасы Токторбек Бейшенбек уулу.

Ал эми баланын энеси Кенже Калыбекова акушерди күнөөлөйт. Анын айтымында, толгоо бир келип, келбей жана ыйыналбай жатсам да шашылыш суусун жарып, төрөтүп салганын айтат.

«Мен анда аябай эле алсыз болчумун. Акушер Качкын деген эже саат 19:00дөн бир аз өткөндө, керебетке чыгарып суусун жарган. Толгоо бир аз ылдамдаган, бирок ортосу 7-8 мүнөттөн болуп жаткан. «Ыйындырып атабы?» дегенинен «жок» десем, «керебетке чыксаң, көрөлү» деди. Чыксам, «Болуп калыптыр, төрөйсүң» деди. Анан ыйын деп, ыйындырган. Жарым сааттай ыйынып, толгоом жоголуп өзүм да коркуп жаттым. Анан «Балаңды тумчуктурасың, ылдам төрө» деп айтты. Жарым сааттан ашык керебеттин үстүндө жаттым, чынында ыйындыра элек болчу. Толгоом бир келип, бир келбей жатты. Анан «Баланын башы чыкты, ыйын» деп айтты. Анан мен жакшы ыйына албай жаттым. Акушер: «Ай балаң сени ыйындырып жатат» деп эле болбой туруп, анан колу менен да кошо ачып эле төрөтүп салышты. Мен аябай кыйналдым, баса албай да жаттым. Эмнеге жулкулдатып, колун салып жулуп алышат? Балага мен зыян келтирбей эле, акушердин кылганы болду. Ыйлап такыр басылбай жаткандыгынан улам хирургга барсак,баланын текшерип акыреги сынып кеткенин айтты. Ага чейин эч нерсе дебей жатышкан. Анан баламдын башында да шишик пайда болуп, төрөтканада кыйналып эле жаттым. Дарыгер акушерлердин кылган мамилелери абдан төмөн. Азыр баламды Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда башынын шишигин сордуруп, акыгерин көрсөтүп жүрөбүз. Өзүм болсо дагы деле баса албай, кыналып жүрөм», — деди Кенже Калыбекова.

Төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Нуржамал Акылбекованын айтымында, эне жана баланын абалы жакшы болгондугун, төрөт учурунда туура эмес ыйынып алгандыгынан улам баланын акыреги сынып, башында шишик пайда болгондугун билдирди.

«Эне жана баланын абалы жакшы болчу. Аны Качкын Бегалиева акушерибиз кабыл алган. Бул келиндин үчүнчү төрөтү. Бала башы менен келген. Эч кандай кан басымы көтөрүлүп, ар кандай потологиясы жок, суусу кеткен эмес. Убагында төрөгөндө, өтө бат төрөгөн. Негизи төрөт 1-2-3 этап деп, үчкө бөлүнөт. Жатындын оозу толук ачылып, бала сыртка чыгып жаткан учуру — экинчи этап болуп эсептелинет. Мурун төрөп жүргөн аялдардыкы 15 мүнөт болушу керек. Ал эми бул келиндики 5 мүнөткө жетпей эле өтө катуу ыйынып ийгенден улам бала тепчилип, төрөт учурунда бала жаракат алып, башынан гематома болгон. Бала өзү бурулуп акырындан-акырындан чыгыш керек да. А бул баланын энеси катуу ыйынгандан ушундай болгон. Акушер Качкын Бегалиеванын иштеп жүргөнүнө көп жыл болгон. Баланын акыреги сынып кеткени, анын тажрыйбасында биринчи жолу болуп жатат. Анын жаш курагы 60дан ашкан, пенсионер», — деди Нуржамал Акылбекова.

Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун маалыматына караганда, төрөт бөлүмүндө 3 дарыгер (2 акушер-гинеколог жана 1 неонатолог), 4 акушер, 1 башкы акушер жана 5 неонаталдык медайым эмгектенет. Көбү пенсия курактагылар. Ал эми төрөттү кабыл алган акушер Качкын Бегалиева менен байланышканыбызда, анын төрөт учуру эсинде жок. Унутуп калгандыгын айтат.

«Ал учурдагы төрөт азыр эсимде деле жок. Мен суусун жарып, колумду салсам эле төрөп калмак беле. Болжол менен саат 20:30да төрөдү окшойт. Негизи катуу ыйынганда, ошондой болуп кетти. Жашым 61де. Жаштарды алдыга салбай эле төрөт кабыл алып келем», — деди Качкын Бегалиева.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары аталган төрөтканадагы медайымдардын, акушер-гинекологдордун кош бойлууларга болгон мамилеси абдан начардыгын, операция жолу менен төрөгөн энелерден акча сураларын жана төрөт учурунда ашыкча керектүү нерселерди алдыртып, төрөгөн келиндерге орой мамилелер көп болорун жазышкан.

Жогорудагы пикирлерге төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Нуржамал Акылбекова операция жолу менен төрөгөн энелерден 15 миң сомдон алынарын четке кагып, сүйүнчү акча берип кеткендерден гана акча алып турушарын кошумчалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.