Тажикстандын абагында отурган кыргыз жараны каза болду

Тажикстанда абакта отурган 1953-жылы туулган Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, каза болгон Кыргыз жараны чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен абакта отурган.

«Каза болгон Кыргыз жараны Б.К.Бга карата Тажикстан Республикасынын соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренесинде (мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмышты жасаган деген айып менен соттолуп, 2 жылга эркинен ажыратылган.

Аталган маселе Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан Республикасындагы элчилигинин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.