Президент Садыр Жапаров  Казакстандын президенти менен сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.