Ошто 12 кабаттан боюн таштап каза болгон кыз жакындарына коштошуу билдирүүсүн калтырган

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан боюн таштап каза болгон кыз мессенджер аркылуу жакындары менен коштошкон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, маркум кыз WhatsАpp мессенджери аркылуу жакындарына коштошуу билдирүүлөрүн калтырган.

«Атасы жок болгон, апасы Орусияда болгонуна байланыштуу кыздын сөөгүн таякелери алып кетти», — деди Сыдыков.

Буга чейин кечээ, 13-январга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 21 жаштагы кыз боюн таштап каза болгону маалымдалган.

Маркум кыз Юридикалык институттун колледжинин 2-курсунун студенти болгон.

«13-январда түнкү саат 03:15 чамасында А.Масалиев көчөсү №44 дарегиндеги «Корона» деп аталган көп кабаттуу үйүдө убактылуу жашаган Баткен облусунун Кадамжай районунун 2001-жылы туулган тургуну 12-кабаттан боюн таштап, унаанын үстүнө түшүп каза болгон. Учурда өзүн-өзү өлтүргөнү же бирөө түртүп жибергени боюнча териштирүү иштери жүрүүдө», — деген Сыдыков.

Эске салсак,  13-январга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 21 жаштагы кыз боюн таштап каза 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.