Кыргызстандыктар тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фондуларына канча акча түшкөнүн budget.okmot.kg порталынан көрө алышат

Мындан ары кыргызстандыктар тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фондуларына түшүп жаткан каражаттар кайда жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн-режимде көрө алат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Ал үчүн budget.okmot.kg порталына баш багуу керек.

«Президенттин «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу үчүн аймактарды өнүктүрүү фондуларына тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү тууралуу маалыматтарды «Ачык бюджет» (budget.okmot.kg) порталына жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Негизги максаты — тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандык көзөмөл орнотуу.

Аймактарды өнүктүрүү фондулары жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн ачылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.