«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына чыкты

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соттун 31-декабрдагы чечими менен Василий Дашков саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыкты.

 Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталып, анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланып,  2021-жылдын 9-июнунда УКМК тарабынан кармалган. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.