КаМаз менен кагышкан. Өзгөндө 31жаштагы айдоочу көз жумду

Өзгөндө катталган жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсык 10-январда саат 21:10 чамасында Өзгөн — Мырза-Аке унаа жолунун 10-чакырымында катталган.

Анда 1990-жылы туулган Ж.у.М. аттуу жарандын башкаруусундагы КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкедеги Хонда Фит унаасы менен кагышкан. Жеңил унааны Мырза-Аке айылынын 1991-жылы туулган тургуну С.М. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен Хонда Фит унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден жан берген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.