Гүлчө айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 60 жаштагы аялдын кийимдери суу жээктен табылды

Ош облусунун Гүлчө айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 60 жаштагы аялдын кийимдери суу жээктен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Гүлчө айылынын тургуну Ү.Б. 12-январда үйүнөн чыгып кеткен.

«Ал ошондон бери дайынсыз болуп, жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Аялдын кийимдери Гүлчө суусунун жээгинен табылган.

13-январь күнү издөө иштерине 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 17:10до издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок, 14-январда издөө иштери улантылат», — дешет маалымат кызматынан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.