Бишкекте «Кызыл жарым ай» коому тарабынан «Тез жардам» кызматы ишке киргизилди

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар  кайрадан көбөйүп жаткандыгына байланыштуу «Кызыл жарым ай» коому «Тез жардам» кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу уюмдун Twitter баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча тез жардам кызматы COVID-19дун белгилери бар жарандарга жардам берип, алгачкы текшерүү, кычкылтек терапиясы жана ооруканага жаткыруу иши боюнча камсыз кылат.

Шаардын тургундары төмөнкү телефонго чалса болот: 0703-307-307

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.