Өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган. Кеминде курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү бир нече ондогон ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Алындын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.
Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
«КР УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат,-деп атйтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.