Панфилов районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

Панфилов районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Маалым болгондой, 2022-жылдын 11-январь күнү болжол менен саат 01:46 чамаларында Панфилов РИИБүнө Кайынды шаарындагы квартиралардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Панфилов РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өзүгү аныкталып, ал 1988-жылы туулган А.К. экендиги такталган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталган.
«Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө«,-дейт маалымат кызматы. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.