Медер Алиев ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Кечээ, 12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин сегиз комитетинин төрагаларын шайлашты.
Ал арада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Алиев шайланды.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлгөн. Ага ылайык, түзүмдө сегиз комитет, үч вице-спикер болот. Төраганын орун басары болуп Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев, Улан Примов шайланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.