«Манас ордо» комплексине саякатка барган окуучуларга мейманкана курулат

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 12-январда Таласта жумушчу сапар менен жүргөндө «Манас Ордо» улуттук комплексине саякатка келген окуучулар учүн мейманкана курулаарын билдирди. Анын айтымында аталган комплекске өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы окуучуларга жылы бою милдеттүү түрдө экскурсияларды уюштуруп туруу максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 200 орундуу мейманканы куруу башталат.

«Манас Ордо» улуттук комплекси Талас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин «Манас» коругу болуп келген жана 1996-жылы улуттук деген расмий макам берилген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.