Казакстанда баш аламандык: 4 африкалык жаран кармалды

Казакстандын чек ара кызматкерлери 4 Борбордук Африка Республикасынын жаранын кармады. Бул тууралуу «Спутник Казакстан» кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 8 чет элдик жаран башаламандык уюштурууга шектелип кармалды. Алардын төртөө Борбордук Африка Республикасынын жарандары.
Азыркы учурда алардын башаламандыктарга катыштыгы бар жоктугу аныкталууда.