Энеси мас болуп көчөдө калган. Ысык-Көлдө көчөдө тоңуп калган балага милиция жардам көрсөттү

Энеси мас болуп эшикте жатып калып, ал эми баласы көчөдө тоңуп жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан табылып, жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы кабарлады.

Милицияны көчмө кабылдамасы менен кызмат өтөп жаткан Каракол ШИИБдин кызматкерлерине, шаардын тургуну кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда, узак убакыттан бери суукта, жашы болжол менен 6-7 жаштагы бала жүргөндүгүн билдирген. Аталган билдирүүгө, милиция кызматкерлери дароо чара көрүшүп, суукта жалгыз жүргөн баланы табышат. Бала сууктан ушунчалык үшүгөндүктөн, жакшы сүйлөй албай да калган.

Шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери балага ысык чай беришип, жылыгандан кийин, андан маалымат алууга аракет көрүштү. Жети жашар баланын айтымында, энеси көп убакыттан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгүн, акыркы жолу чогуу баратканда, көчөдө мас болуп уктап калганын, бала болсо кетип, кайра келсе энеси жатып калган жеринде жок болуп чыкканы белгилүү болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.