ВИДЕО-Бишкекте унаа оодарылып, 3 жөө жүргүнчүнү басып кала жаздады

 Бишкек шаарынын Москва менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 2 автоунаанын катышуусунда жол кырсык болду. Капталынан кулаган автоунаадан жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жаткан 3 жигит качып кетүүгө үлгүргөн. Алар жаракат алган жок.

Видеосу тарап жаткан кырсык 2021-жылдын 23-декабрында кечке маал болгон. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы 12-январда билдирген маалымат боюнча, «Тойота Эстима» автоунаасын 1991-жылы туулган Ж.Э., «Мерседес» автоунаасын 1993-жылы туулган О.У. башкарып жүргөн.

Окуядан кийин «Мерседес» унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилип, автоунаалар айып короого токтотулган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.