Талибан бийлиги: «Өзбекстан жана Тажикстан биздин учактарды сабырыбызды сынабай өздөрү өткөрүп бергени жакшы»

Өзбекстан жана Тажикстан биздин учактарды сабырыбызды сынабай өздөрү өткөрүп бергени жакшы. Болбосо бул өлкөлөр терс кесепеттерге дуушар болот. Мындай пикирин Афганистандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу мулла Якуб билдиргенин «Спутник Афганистан» жазды.

Ошондой эле, талибандар чет өлкөгө качып кеткен аскер кызматкерлерин жана учкучтарын мекенине кайтып келүүгө чакырат.  Алар мурдагы  өкмөткө караганда аларга жакшы мамиле жасаларына убада берет.  Талибан аларды өз бийлигине каршылык көрсөтүүнү токтотууга үндөйт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.