Президент 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди

Президент 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды:

«Былтыр консолидацияланган, жөнөкөйлөтүп айтканда, өлкөбүздүн жалпы бюджети 281,3 миллиард сом деңгээлинде бекитилген.
Республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 миллиард сом деңгээлинде болжолдонгон.
2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калып жатканы байкалган. Май айынан тартып Салык кызматын санариптештирүү, фискалдаштыруу, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана байкоо жүргүзүү иштери күчөтүлүп, өз жемишин берди.
2021-жылдын жарымынан – август айынан тарта салык жыйымдарынын динамикалык өсүшү байкалды. Мындан улам 2021-жылдын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7,9 млрд сомго ашыра аткарып, бюджетке 104,2 млрд сом түшүргөнүн белгилейбиз.
Өз кезегинде Бажы кызматы акыркы эки айда пландан артта калуусун 3,2 миллиард сомдон 1,6 млрд сомго чейин кыскартууга жетишип, бюджетке 46,8 миллиард сом түшүрдү.
Жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151,0 млрд сомду түздү.
Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44,7 млрд сомду түздү. Салыктык эмес кирешелердин өсүшү бекитилген пландагы 31,3 миллиард сомго салыштырмалуу 13 миллиард сомдон ашык болду.
Муну менен, алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд сомго өскөн.
Жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул өсүш бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча зарыл иш-чараларды 19,5 миллиард сомго ишке ашырууга мүмкүндүк берди, анын ичинде:
— медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50% жогорулатууга 1,8 млрд сом бөлүндү;
— маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 0,2 млрд сом бөлүндү;
— кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19);
— 1,5 млрд сомго COVID-19га каршы вакциналар сатылып алынды;
— азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда, буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 млрд сом бөлүнгөн;
— кыштан көйгөйсүз өтүү максатында энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 млрд сом каралган;
— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 0,6 миллиард сом жумшалды2,-деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.