«Орус жарандары Путин үчүн өз эмес». Орусиялык саясий ишмер Ходорковский кыргыз бийлиги тууралуу

Орусиялык коомдук жана саясий ишмер, публицист Михаил Ходорковский музыкант Викрам Рузахунов менен болгон кырдаалга токтолду. Ал кыргыз бийлиги өз жаранын казак күч түзүмдөрүнүн колунан сууруп алгандыгы тууралуу пикирин жазды.

«Казакстанда камакка алынган кыргыз музыканты Рузахунов Бишкекке кайтып келди. Кыргыз бийлиги дароо өз жаранынын укугун коргоп: нота жиберип, кылмыш ишин козгоп, медиа өнөктүгүн өткөрүп, акыры аны бошотуп алышты. София Сапега дагы эле Лукашенконун зынданында отурат. Орус жарандары Путин үчүн өз эмес«, — деген пикирин калтырган.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.