Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн Ооганстанда өндүрүлгөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылып алынды

ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттардын Кыргызстанга келип түшүү каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 
Атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда Баткен-Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унаага тинтүү жүргүзүүдө арткы отургучунан Ооганстанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 кг түзгөн, эки таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган.
Бул ишке маанилүү болгон далилдерди жок кылуу коркунучу бар болгонуна байланыштуу, ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылындагы К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кум үймөгүндө көмүлүп катылган 3 таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган. Табылган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы 5 килограммды түздү. Кармалган жаран К.Э. Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда бул баңги кылмышына тиешелүү жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
ИИМдин БМЖКККсы тарабынан республика боюнча буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.