Бишкек шаары кызыл зонада турат. Республикалык штаб эпидемияга каршы иш-чараларды күчөттү

12-январга карата эпидемиологиялык тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык Кыргыз өлкөсү сары зонада, ал эми Бишкек шаары кызыл зонада турат. Ошондой эле өлкөдө коронавирустун жаңы омикрон штаммы катталды. Буга байланыштуу чектөө чаралары киргизүү зарылдыгын республикалык ыкчам штабдан билдиришти. 

— калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу;
— коомдук жайларда (өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында ж.б.) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;
— чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын маалымдады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.