«Беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп, какап каласыз». Тазабек Икрамов Төрөбаевке сын айтты

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин түзүмү каралып жатат. Депутат Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди шашылыш түрдө добушка койгону боюнча сындап:

«Бул жерде сиз туура эмес алып барып жатасыз. Сиз эл шайлаган депутаттардын үнүн укпай, добушка коюп салып жатасыз. Мен сизге ачык айтам. Буга чейин дагы көп нерсени өзүңүздөр бекетип алып, депутаттардын үнүн укпай добушка коюп салып жатасыз. Сиз туура эмес жакка барып жатканыңызды көрсөтүп жатасыз. Беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп, какап каласыз», — деди..

Ага жооп кылып Бакыт Төрөбаев: «Ар бир сынды кабыл алабыз. Какайбызбы же какабайбызбы сиз айта албайсыз», — деди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.