Казакстанга жаңы премьер-министр дайындалды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда өлкөнүн премьер-министри кызматына Алихан Смаиловду сунуштады.
Атаган өлкөнүн депутаттары бүгүн, 11-январдагы отурумда талапкерди бекитти. Жалпы 89 депутат катталып, баары «макул» деп добуш беришти.
Эске салсак, Казакстандын өкмөтү баш аламандыктан улам 5-январда отставкага кеткен. Андан кийин премьер-министрдин милдетин аткаруу Алихан Смаиловго жүктөлгөн. Президент анын талапкерлигин парламенттеги фракциялар менен талкуулаган болчу.