Акылбек Жапаров 8-мартка чейин өлкөдөгү бардык каналдарды тазалоону талап кылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын айдоо-себүү мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, жыйында республика боюнча ирригациялык тармактарды жана каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча иш пландары талкууланды.
«Үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштер бүткөрүлүшү керек. Ага ылайык ар бир акимдин конкреттүү иш планы айыл-чарба министрлиги менен биргеликте иштелип чыгышы керек», — деди Жапаров.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.