Африкадагы айылдардын биринде Матраимов атындагы кудук пайда болду

Африкадагы айылдардын биринде Матраимов атындагы кудук пайда болду. Бул тууралуу видеону Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Ошондой эле тактайчада, «Рахма» фонду деген да жазуу бар. Аталган фонд африкалык айылдарда кудуктарды жана мечиттерди куруу менен белгилүү жана ага каражатты дүйнөнүн бардык мусулмандары берсе болот.

2020-жылы «Азаттык» радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Ошол эле учурда Кыргызстанда таза суу чыкпаган 300 айыл бар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.