2 миллион сомдук даараткана: Сокулуктун акимине сөгүш берилип, орун басары кызматынан бошотулду

Сокулуктун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алды.
Буга 2 миллион сом каражат сарпталып курулган мектептин ажатканасы себеп болгон. Сокулукта мектептин ажатканасы ачылып, анын курулушуна дээрлик 2 миллион сом сарпталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.