Кыргыз-Казак чек арасынын иштөө тартиби өзгөрдү

10-январь саат 11:30га карата Кыргыз-Казак чек арасынын иштөө тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-январы саат 11:30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда:
1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
— Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
— Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
— Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
2. “Чалдыбар-авто жол” (КР) – “Сыпатай Баатыр-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
— Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
— Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
— оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
3. “Ак-Жол-авто жол” (КР) – “Кордай-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
— Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Жол-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
— Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
4. Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” (КР) – “Айша Биби-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
— Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
— Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
— Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
— Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип чыга алышат.
5. “Каркыра-авто жол” (КР) – “Кеген-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
— Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
— Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
2022-жылдын 10-январы саат 11.30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.