Казакстандык журналист Токаевке Нур-Султан шаарын кайрадан Астана кылып өзгөртүүнү сунуштады

Белгилүү казак журналистти Серик Абас-Шах Казакстандын борбору болгон Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана кылып өзгөртүүнү аталган өлкөнүн президенти Токаевке сунуш кылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазды. 

Ошондой эле журналист:

  1. Нурсултан Назарбаевдин атындагы бардык көчөлөрдүн аталышын алып салууну;
  2. Биринчи президенттин эстеликтеринин баарын алууну;
  3. Биринчи мамлекет башчысынын кызматын каржылоону токтотууну;
  4. БШКны жана шайлоо системасын реформалоо үчүн БШКнын төрагасы, биринчи президенттин теңдеши Берик Имашевди кызматтан алууну;
  5. Мамлекет башчынын администрациясы, парламент, сот системасы тарабынан массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү практикасын токтотуу. Сөз жана сөз эркиндигин камсыз кылуу;
  6. Облустардан баштап айылдарга чейин акимдерди шайлоону камсыз кылуу;
  7. Бийликтеги партиянын мурунку атын “Нур Отан” партиясын “Отан” (мекен) деп өзгөртүү;
  8. Сот системасына чыныгы көз карандысыздык берүү керек экендигин айткан.                                       Журналисттин мындай сунушун миңдеген казак жарандары колдошууда.
 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.