Казакстандагы башаламандыкта Консул менен Элчи айрым жарандарга билеттерди жеке каражаттарынан сатып алып жатышты

2022-жылдын 2-январынан тарта массалык митингдердин башталышында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалга мониторинг жүргүзө баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинен билдиришти.
Казакстандын түндүгүндөгү маалыматтар боюнча, кармалган жарандар жана жабыркагандар жок.
Алматыда башаламандык жана кагылышуулардын чыгышына жана Алматы аэропортунан каттамдардын токтотулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары аэропорттун өзүндө учактын ичинде калып калышкан.
«Консулдук жана Элчиликтин кызматкерлери жарандарга биринчи кезекте коопсуздук боюнча сунуштарды берип, азырынча ошол калууну сурандык. Жарандарыбызга максималдуу жардам жана колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Эйр Астанага кайрылдык. Алар компаниянын кеңсесине жайгаштырылды. Мындан тышкары Башкы консулдуктун кызматкерин аэропортко жөнөтүүгө аракет кылышкан, бирок аэропорттун аймагын аскерлер курчоого алгандыктан, аларга жарандар менен жолугушууга уруксат берилген эмес. Эртеси Башкы консулдук биздин жарандарды Кыргызстандын чек арасына автобус менен алып чыгууну уюштурду. Аз-аздан жарандарды чыгара баштады. Казакстан Республикасынын бүткүл аймагында кызыл зонанын жарыялангандыгына байланыштуу бийлик баш аламандыкка катышкан деструктивдүү күчтөрдү аныктоо максатында биздин жарандарга текшерүү жүргүзөрүн белгиледи. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн маалыматтар менен бирге ноталарды жөнөтүп жаттык. Нур-Султандын аэропортторунда калган жарандар боюнча аэропортко элчи өзү барып, Эйр Астананын кызматкерлери менен иштешип, каттамдар жана жарандар кантип учуп кете аларын такташкан. Мындай жагдайда суроолорго так маалымат берүү мүмкүн болбогондуктан, иш татаалдашты. Калган жарандарды жайгаштыруу өтүнүчү боюнча алар максималдуу тамак-аш менен камсыз кыла аларын айтышты. Белгилүү жашаган жери жок калган айрым жарандарга Элчи турак жайга жайгаштырууну сунуштаган.
Консул менен Элчи айрым жарандарга билеттерди жеке каражаттарынан сатып алып жатышты. Биз диаспоралар менен байланышып, өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат учурунда жарандарыбызга кабарлап, аларга батирлерден чыкпай турууну сунуштадык. Чалууларды кабыл алуу жана тез арада иштеп чыгуу үчүн Элчиликте туруктуу негизде бир кызматкер отурду. Аэропортто калган 17 жарандын маалыматтары Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине алдын ала текшерүүгө жөнөтүлүп, айрымдары поезд менен «Нурлы Жол» станциясына Чүй станциясына, андан соң Кыргыз Республикасынын чек арасына такси менен жеткирилген. Таксисттер менен жолугуп, чек арага алып барыш үчүн алдын ала байланыштык,» – деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.